Жогорку Кеңеш 9-февралда Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 77 депутат “макул”, алты эл өкүлү “каршы” добуш берди.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.