• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖК депутат Каныбек Иманалиев: «Тоталитардык режимдеги өлкөлөрдө гана идея, ой, сөз үчүн кылмыш иши козголот»

6 Чын куран 2018 18:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.04.2018.Govori.TV
«Доо арыздардын эң төмөнү журналист Дайырбек Орунбековго 3 млн. ал эми жогорусу Чолпон Жакуповага 30 млн. экен. Журналисттин орточо айлыгы Кыргызстанда 20 миң сом. Чолпон Жакупова 30 млн. сомду табыш үчүн ал 160 жыл жашаш керек экен. Адамды идея,ой, сөз үчүн соттоо автаритардык тоталитардык өлкөдө гана болот. Ошол эле эки көзү көрбөгөн майып Ормуков өзүнүн ичин сайып салды. Мындай байкуштарды соттосо болот экен да. Ал эми кылмыш дүйнөсүнүн башчысы эркиндикте жүрөт» -деди депутат.
Белгилей кетсек, бүгүн 6-апрелде Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясы Башкы прокуратурадан отчет алды. Ага Индира Жолдубаева келген жок.

Количество просмотров: 15