• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖК депутаты батирлердин ижара баасын көзөмөлгө алууну сунуштады

25 Бештин айы 202412:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин кымбатташына байланыштуу маселени көтөрдү.

Эл өкүлү батирлердин ижара баасына көзөмөл орнотуу зарыл деп эсептейт.

«Азыр бир бөлмөлүү батирлер 30-40 миң сомдон, эки бөлмөлүү батирлер 50-60 миң сомдон ижарага берилип жатат. Жаштар, студенттер жана жаш үй-бүлөлөр бааларды көзөмөлдөөнү суранышууда. Үй ээлери ар кандай талаптарды коюшат экен, алсак, жаш балалуу үй-бүлөлөргө бербейбиз, би бөлмөлүү батирге экиден ашык киши албайбыз деп жана алдын ала төлөмдү талап кылышат» — дейт депутат Марипов.

Количество просмотров: 164