Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.
Токторбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп «Ата Журт —Кыргызстан» фракциясынан шайланган.
Башка жарлык менен Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.