Гимндин текстин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектемей болду.
Маалыматка ылайык, комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, илимпоз филологдор, белгилүү композитор, дирижер жана маданият кызматкерлери кирген. Алардын аты-жөнү азырынча айтыла элек.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке какан.