• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлигин жактырды

11 Аяк оона 202311:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 7-сентябрда бир катар жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 300