• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК комитети Иманалиевдин талапкерлигин жактырды

27 Бирдин айы 2023 12:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.

Жыйында талапкер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов учкай маалымат берди.

Андан соң министрликке талапкер Каныбек Иманалиев тармакка тиешелүү көйгөйлөргө токтолуп: “Бүгүнкү күндө республика боюнча 600 миң бала бала бакчага барбайт. Мындан тышкары, орто билим берүү мекемелериндеги окуу программасынын 60%ы дүйнөлүк стандартка туура келбейт. Ал эми жыл сайын 2 млрд сом жумшалган кесиптик лицейлерге бүтүрүүчүлөрдүн 15%ы гана тапшырат. Андыктан билим берүү системасын өзгөртүүбүз кажет”, – деди.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов VII чакырылыштагы парламент шайланып келгенден бери үчүнчү министр шайланып жатканын белгилеп: “Бул өтө өкүнүчтүү. Анткени, министр алмашкан сайын, тармактагы реформалар артка кетүүдө”, – деди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды.

Количество просмотров: 52