• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ЖК комитети Кемпир-Абад суу сактагычын башкаруу келишимин жактырды

31 Тогуздун айы 202220:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек келишимин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалым болгондой, жети эл өкүлү макулдашууну колдогон.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирип, комитеттин чечимине кол койгон эмес.

Көп өтпөй 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан мыйзамды одоно бузуу менен алынган.

Количество просмотров: 424