• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖК комитети Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

3 Тогуздун айы 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Догдуркүл Кендирбаева талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президент Садыр Жапаровдун сунушу каралды.

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгект ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 75