• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ЖК комитети Кумтөр менен стратегиялык макулдашууну талкуулайт

10 Аяк оона 2019 9:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кумтөр долбоорунун ишине байланыштуу парламент токтомдорунун аткарылышын талкуулайт.

Мындан сырткары кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда кол коюлган “Инвестицияларды өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык макулдашуунун” аткарылышы жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат бере турганы айтылууда.

Кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold Inc» компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирди. Документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тараптын милдеттенмелери жазылган. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга жалпы суммасы 87 млн. доллар каражат келип түшмөк. Өкмөт каржынын көлөмүнө макул болбой, сүйлөшүүлөр жүргөн.

Өкмөттүн маалыматында быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан 77 млн. доллардан ашуун каражат алат. Анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна 7 млн. доллар түшкөн .

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 52