• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салган мыйзамды колдоду

18 Жетинин айы 202416:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева белгилегендей, Президенттин Жарлыгына карабастан азыркы учурда мектептерде акча чогултуу улантылып жатат. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчилиги күчөтүлүп иштелип чыккан. Мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Талкуу маалында демилгечи Миргүл Темирбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам долбоору меценаттык, демөөрчүлүк жардам көрсөтүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпагандыгын баса белгилеп: «Биздин мыйзам долбоорунда кандайдыр бир мажбурлоо жолу менен, уюм түзүп ата-энелерден акча чогултуу факты аныктала турган болсо, жеке жактар болобу, юридикалык жактар болобу айып пул салуу жаза чараларын көрүү сунушталууда», — деди.

Количество просмотров: 163