• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК комитети министр Бейшеналиевдин кызмат ордуна ылайык келбестигин айтты

19 Чын куран 2021 15:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ылайык келбестигин айтты. Бул тууралуу Govori.TVга депутат Чынара Урумкалиева билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим аталган комитет тарабынан бүгүн, 19-апрелде кабыл алынган.

«Бейшеналиевдин кызмат ордуна ылайык келбестигин жыйынга катышкан комитет мүчөлөрү колдоп бердик. Бейшеналиевдин уу коргошун ичкени коомчулукта резонанс жаратып жатат. Бир гана уу коргошун эмес, комитеттин отурумуна чакырсак келбей жатат. Суроолор ачык бойдон калууда. Жумуштан алуу маселеси боюнча дагы көп арыздар түшүп жатат»,-деди Урумкалиева.

Эске салсак, 16-апрелде өткөн маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айткан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган. Бул билдирүү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 205