Бүгүн, 16-февралда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Жумгалбек Шабданбековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев талапкер тууралуу маалымат берди.
Комитет Жумгалбек Шабданбековду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүүнү жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.