• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ЖК комитети Текебаевди Транспорт министри кызматына дайындоого макулдук берди

4 Тогуздун айы 2022 10:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 4-октбярда Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди. Эми анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Президент Садыр Жапаров буга чейинки министр Эркинбек Осоевди 3-октябрда кызматтан алган. Аны менен кошо маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловду, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаевди кызматтан бошоткон.

Президенттин ушул эле күнкү башка жарлыгына ылайык, Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министринин, Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин, Уланбек Мамбетакунов — билим берүү жана илим министринин, Таалайбек Ибраев — энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 111