Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Жыйында белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү каралууда.
Андан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жактырылды.
Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыгып, 14 мыйзамды күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.