• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖК комитети ЖМК мыйзамын биринчи окууда жактырды

30 Үчтүн айы 2024 13:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 30-январдагы отурумунда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, концепциясын жактырды.

Депутат Гүлшаркан Култаева сунушталып жаткан долбоордогу бир нече беренеде суроо жараткан жагдайлар көп экенин белгиледи.

Эл өкүлү Улукбек Ормонов бул мыйзам боюнча ЖМК өкүлдөрүнүн пикири эске алынышы керектигин айтып, коомдук угуу уюштуруу керектигин билдирди.

Депутат Бактыбек Чойбеков бул жаатта маданият министрлиги бир тараптуу иш алып барып жатканын айтты.

Ал эми министр Алтынбек Максүтов келип түшкөн сунуштар эске алынып жатканын кошумчалады.

Мыйзам долбоору буга чейин эки комитетте да каралбай, күн тартибинен алынган. 16-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Улугбек Ормонов талкууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри келип, суроолорго жооп бериши керектигин билдирген.

15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Айбек Осмонов документте талаштуу беренелер көп деген негизде аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапкан.

Документ парламенттин алты комитетине киргизилген.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 71