• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

ЖК комитетинде оң рулдуу автоунааларды алып кирүү сунушу колдоо тапкан жок

26 Чын куран 2022 15:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чолпон Султанбекова мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу транспорттук каражаттарды каттоо, эксплуатацияга жана жол кыймылында катышууга жол берүү үчүн мурдагы импорттук тыюуну алып салуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү маселесине Ички иштер министрлигинин көз карашы кандай экенине кызыкты.

Өз кезегинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов оң рулдуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу 2015-жылы тиешелүү тыюу киргизилгенин белгиледи.

“2015-жылы оң рулдуу унаалар жол кырсыктарынын 33,2%ына себепкер болсо, былтыр 21%га түштү. Тагыраагы, оң рулдуу унаалар катышкан кырсыктар 12%га азайды. Жол эрежелерине жана талаптарына ылайык, аталган тыюну кайрадан алып салууга биз каршыбыз”, – деди.

Ал эми депутат Чолпон Султанбекова тыюуга карабай оң рулдуу унаалар киргизилип жатканын жүйө келтирип: “Бирок үчүнчү мамлекеттерден келип жаткан аталган унаалардын абалы өтө начар”, – деди.

Мындан тышкары жыйында ушундай эле аталыштагы мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан автотранспорт каражаттарын алып келүү маселесин, монитору бар озуп өтүү камерасын милдеттүү түрдө орнотуу аркылуу чечүү сунушталып жатканы белгиленди. Бул өлкөнүн автопаркын жаңылоого, сапаттуу автотранспорттун жарандарга жеткиликтүүлүгүн жана ири шаарлардагы экологиялык кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк берери кошумчаланган.

Бирок Министрлер кабинетинин терс корутундусун эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын комитет четке кагып, көчүрмөсү Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жалпылоо үчүн жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 173