• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

ЖК маркумду көмүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Кандай өзгөртүүлөр сунушталууда?

5 Тогуздун айы 2023 13:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун биринчи окууда демилгечи депутат Марлен Маматалиев алып чыкты. Анын айтымында, мыйзам долбоору маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алуу менен жана маркумдун өзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык өлгөн адамды көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин, аны жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.

Талкуу маалында депутат Жанарбек Акаев маркумдарды узатуу тармагындагы азыркы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Ал белгилегендей, бул жааттагы коррупция жана адилетсиз аракеттер элди көрүстөндү алдын ала ээлеп коюуга мажбурлоодо. Ал эми жарандар көрүстөндөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыгып, өз пикирлерин ачык билдиришкенде, алар куугунтукка жана коркутууларга дуушар болоорун баса белгиледи.

Депутат Эмил Жамгырчиев бул теманы улай, жаңы мыйзам долбоору коррупцияны жоюуга, сөөктөрдү жайга коюу тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү ачык жана калыс көрсөтүүгө жардам берет деген ишеничин билдирди.

Ошондой эле депутат Камила Талиева туугандарынын каалоосун эске алуу менен республиканын кайсы бир аймагында катталганына карабастан көрүстөндөн орун берүү керектигин белгиледи.

Жалпысынан депутаттар сөөк коюу маселеси Бишкектин тургундары үчүн гана эмес, аймактардын жашоочулары үчүн да актуалдуу деген пикирлерин билдиришти. Алар бул тармакты туура жана адилет жөнгө салуу өлкөдөгү көптөгөн үй-бүлөлөргө оң таасирин тийгизерин айтышты.

Количество просмотров: 1666