• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖК министрлер кабинетинин төрага орун басарлыгына Касымалиевдин талапкерлигин жактырды

16 Кулжа 202217:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна сунушталып жаткан Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги каралды.

Буга чейин аталган маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде талкууланып, парламенттин кароосуна киргизилген.

Натыйжада Адылбек Касымалиевдин талапкерлигине макулдук берилди.

Количество просмотров: 148