• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Атада Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустиндин расмий жолугушуу аземи болду

14 Баш оона 202518:02 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата, 2025-жылдын 14-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин расмий жолугушуу аземи Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда болуп өттү.

“Рух Ордо” маданий борборунун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилди.

Өкмөт башчылар учурашкандан соң, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, андан кийин жүрүш жасалды.

Салтанаттын жүрүшүндө Өкмөт башчылар тууга таазим кылышты. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы кароолго кайрылып, учурашкан “Салам, аскер!” сөзүн айтты. 

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Тосуп алуу аземинен кийин делегациялардын башчылары Ч. Айтматов атындагы үй-музейине кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн өтүштү.

Количество просмотров: 122