• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК прокурорлорго берилчү кенемте боюнча мыйзамды биринчи окууда жактырды

8 Кулжа 2023 16:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева белгилегендей, өзгөртүүнүн максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатканда курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпулду төлөөдө тең өлчөмдүүлүккө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Атап айтканда прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча 20 орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөө сунушталат. Ал эми азыркы мыйзамга ылайык, курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна каршы чыгып, компенсациялык төлөмдөрдү реформалоо комплекстүү, бардык мамлекеттик органдар үчүн бирдей жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Эл өкүлү Эмил Жамгырчиев да социалдык теңчиликти камсыздоо тууралуу сөз кылып, конкреттүү механизмдерди тактоо зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдер үчүн камсыздандыруу суммаларына кызыкты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Количество просмотров: 103