• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат 75 адамдын катын алгандардын аты-жөнүн ачыктоону айтты

2 Чын куран 202614:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев парламенттин спикери Марлен Маматалиевди президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча 75 адамдын каты Жогорку Кеңешке кимге келгени жана тармактык комитетке кимдин атынан киргизилгени тууралуу ачык маалымат берүүгө чакырды.

Бүгүнкү жыйында Марлен Маматалиев кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе тосуп алышканын, аны тастыктаган видео жазуулар бар экенин айтып, бирок алардын аты-жөнүн ачыктаган жок.

“Кат түздөн-түз төраганын атына жиберилсин деп спикердин атына каттатып, мурдагы төрагага киргизилген. Анын алкагында тапшырма берилип, ирет-ирети менен комитетке чейин түшүп, кароого киргизилет. Андан кийин эле Жогорку Кеңеште бир топ өзгөрүүлөр болуп, кат артка кетти. Бирок тиешелүү документтин баары ИИМге берилди. Эми тергөөдө аныкталат”, – деди ал.

Количество просмотров: 336