Президент Садыр Жапаров Kaktus.media сайтына маек куруп, анда акыркы окуялар тууралуу бир катар суроолорго жооп берген.
Маегинде Жапаров президенттик шайлоону эрте өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусу боюнча да суроолорго жооп берген.
Президенттин айтымында, ал “75чилердин каты” боюнча ким демилге көтөргөнүн, кайрылуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана тиешелүү комитеттин жетекчисине жеткиче көз салып турган.
«Мен ар кандай булактардан ар кандай маалыматтарды алып турам. «75 адамдын каты» деп аталган окуяга байланыштуу окуялар башталганда, менде маалымат бар болчу. Мен бул кайрылуунун Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн, анын жүрүшүн спикерге жана тиешелүү комитеттердин төрагаларына чейин көзөмөлдөп турдум», — дейт Жапаров.
Ал кайрылуу парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат деп калганда тез жана чечкиндүү кадамдарга барганын кошумчалады.
“Досуңуз Камчыбек Ташиевдин тиешеси барбы? Эгер ошондой болсо, ал эмне үчүн дагы эле эркиндикте жүрөт? Же Элвира Сурабалдиева айткандай, сиз ага жумшактык кылып жатасызбы? Мыйзам баарына бирдей эмеспи?” деген суроого мындайча жооп берди.
“Анын тиешеси бар же жок экенин тергөө жана сот аныктайт. Ушул тапта тергөө уланууда. Тергөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт. Акыркы чечимди — ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес — сот чечим кабыл алат”, — деди президент.