• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖК төрагасы Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31 Баш оона 2022 14:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды 31-август – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август – Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

1991-жылдын дал ушул күнү Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин кезексиз жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация» кабыл алынган. Ал тарыхый документке ылайык биздин өлкө көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жарыяланган.

Артка кылчайып, тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, элибиз эзелтен эркиндикке умтулуп, ар убак эгемендик үчүн күрөшкөн. Тарых бүктөмүндө унут калбастан, улут катары калыптанган бабаларыбыздын тарыхы көпчүлүккө үлгү. Андыктан, алардын баскан изин унутпай, баштап кеткен жолун улантуу баарыбыздын ыйык милдетибиз. Айрыкча, эгемендигибиз – биздин башкы байлыгыбыз.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мекенибизге тынчтык, өлкөбүзгө ынтымак менен биримдик каалайм!

Кызыл туубуз жеңиштерде желбиреп, түндүгүбүз бийик, уугубуз бекем, керегебиз кенен болсун! Калкыбыз бакубатчылыкта өнүгө берсин!”

Количество просмотров: 94