Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетинин төрагасын ыкчам иштөөгө чакырды.
Тагыраагы, жыйын маалында депутат Жанарбек Акаев 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоорунун аткарылышы кечеңдеп жатканын айтып, Министрлер кабинетине тиешелүү комиссияны түзүү ишин тездетүү талабын койгон.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири төрага Нурланбек Тургунбек уулу да Министрлер кабинетинин төрагасынын иштөө ыкмасы жай экенин айтты.
“Алмасбек Ахунжанович, минкабдын төрагасына кулак кагыш кылып айтып коюңуз, бул кишинин кыймыл-арекети бир аз жай экен. Азыр ыкчам иштей турган учур. Жайбаракат иштей турган заман өткөн. Андыктан бул мыйзамдын демилгечилеринин бири катары айтып коеюн, өкмөт тез арада айтылган маселени чечип, пленардык жыйынга алып чыксын”, — деди ЖК төрагасы.