Жогорку Кеңештин төрага Марлен Маматалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу тууралуу сөз болуп, тараптар аталган багыттагы айрым маселелер боюнча ой бөлүштү.
Марлен Маматалиев Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана парламенттик байланыштарды жигердүү улантуу зарылдыгын белгиледи.
Муну менен катар, төрага жакын арада Россияга расмий сапар менен барарын айтып, сапар мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин жана жемиштүү болоруна ишенимин билдирди.
Ошондой эле Марлен Маматалиев кыргызстандык эмгек мигранттарына жана алардын үй бүлөлөрүнө түзүлгөн шарт жагдайды жакшыртуу жаатындагы айрым сунуштары менен бөлүштү.
Ошондой эле Кыргызстанда россиялык номур менен жүргөн унааларды мыйзамдаштыруу жаатында да биргелешип иш алып баруу зарыл экенин айткан төрага: «Чечилбеген маселе болбойт. Өнөктөш өлкөлөр катары ар бир маселени ачык талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бардык маселени чечишибиз керек», – деп кошумчалады.
Өз кезегинде элчи Сергей Вакунов төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты эл аралык аянтчаларда да улантып, тармактык комитеттердин деңгээлинде да өнүктүрүү зарыл экенине токтолушту.