• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

ЖК жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду экинчи окууда колдоду

5 Бештин айы 202413:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-декабрда ЖК жыйынында интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдодо тапты.

Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков долбоордо өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Анда жалган маалымат тараткан адамдарга салына турган айып пул 20 миң сомго, андай маалыматты чыгарган медиаларга айып 65 миң сомго төмөндөтүлгөн.

Ал эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды кабыл алуу укугу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Ички иштер министрлигине өткөн.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 61 депутат колдоп, ал эми 6 депутат каршы болду.

Количество просмотров: 120