• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ЖКда айыл чарба министринин орун басары менен депутат жаакташа кетти

23 Бугу 2022 12:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов менен айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов кайым айтышты.

Депутат Айжигитов министрликтин атынан келген орун басарлар берилген суроолорго жооп бере албай жатканына нааразы болуп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Унчукпай отурдум эле. Сүйлөбөгөн адамды сүйлөтүшөт. Жөнөкөй нерселерди билишпейт. Мисалы, картошка менен пиязды көбүрөөк өндүрсө баасы түшөт. Ошону түшүнбөйт. Билбейм деп эле койбойт, айлантып-тегеренте беришет. Бул жерде айыл чарба тармагында иштеген адамдар отурат, баарын жакшы билишет. Жөн эле убакыт коротуп отурабыз. Бул жагынан даярданып келишсин же болбосо башкасы келсин. Кайсы маселе болбосун ушул (ред. айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов) келет. Жооп бере турган, компетенттүү адамды жиберишсин. Бизге суу эле тиешелүү башкасы менен чатагыбыз жок деген жоопту алып жатабыз. Бул эмне деген жооп? Министрликтин атынан ушул киши (ред. айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов) келбей эле койсунчу. Элдин, депутаттардын кыжырына тийбесин. Бул жерге чындыгында айыл чарбаны жакшы түшүнгөн, маселелерди чече билген орун басар келип жооп берсин. Сүйлөшүүгө мүмкүн эмес»,-деди депутат.

Ал эми Нурлан Шерипов депутаттан жеке сапаттарга өтпөөнү суранды.

«Урматтуу Султанбай Абдрашитович, жеке сапаттарга өтпөй, регламентке ылайык иш алып барсак. Сиздин деле компетенттүүлүгүңүздү билебиз. Биз суроо боюнча жооп берип жатабыз.  Эмне үчүн жеке мамилеңизди Жогорку Кеңешке чыгарасыз?»,-деди ал.

Количество просмотров: 5801