Бүгүн, 18-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы жана бир катар мүчөлөрү ант беришти.
Жыйында жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасы, президентинин администрациясынын жетекчиси болгон Адылбек Касымалиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ант беришти.
Мындан сырткары Жогорку Кеңеште Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, вице-премьер-министр – Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров ант берди.
Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана парламент депутаттары катышты.