• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКда депутат Айжигитовго бүгүн дагы сөз берилген жок

13 Жалган куран 202510:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов трибунага чыгып сөз сүйлөөгө кайрадан убакыт сурады.

«Бүгүн мен дагы мага сөз сүйлөөгө 10 мүнөт убакыт берүүнү суранам», — деди депутат.

Добуш берүүгө катталган 73 депутаттын 24ү гана катышып, 19 адам Айжигитовго сөз берүү үчүн добуш берсе, 5 депутат каршы добуш берди.

«Сөз жок сизге бүгүн дагы», — деп жыйынтыктады спикер Нурланбек Тургунбек уулу.

«Бул өтө жаман белги. Бул бизде мыйзам чыгаруучу бийлик бутагы узурпацияланып калганын түшүндүрөт. Бизде «практически» парламент жок экендигин билдирет. Азыр 73 депутат катталды бирок 24ү эле добуш берди. Ошонун 19у “мага сөз бергиле” деп добуш берди. Беш эле киши каршы», -деди депутат Айжигитов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу маселе добуш берүү менен чечилгенин билдирип, парламентке айтылган сынга жооп берди.

“Парламент бар үчүн сиз бул жерде отурасыз. Кечээ болсо “уятыңар, бетиңер жок экен” деп айтып атасыз. Парламентте отурган депутаттардын уяты, бети, акылы да бар. Сөз деп эле сүйлөй бербеш керек да”, — деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-марттагы жыйында ага сөз берилген эмес.

Количество просмотров: 226