Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун жашоосуна шарт түзүп берүү керектигин айтты.
Депутат Акрамов ишсиз калып, жашаган жери да жок болуп жаткынын белгилеп, үй берүүгө шарт түзүүнү сунуш кылды.
«Эки күндөн бери коомчулукта дүрбөлөң болуп жатат, белгилүү хирургубуз, КРнын баатыры, Жогорку Кеңштин мурдагы депутаты Эрнст Акрамов жумушсуз калып, жашаган жери да жок экен. Урматтуу төрага, карап көрсөңүз, мүмкүнчүлүк болсо, жашоосуна шарт түзүп берсек жакшы болмок», — деди Масалиев.
Эске салсак, буга чейин хирург Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий борбору жабылганын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Министр кошумчалагандай Акрамов ооруканада жашайт.