• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖКККББ: Жаңы жыл майрамы учурунда жол кире акысын көтөрүүгө жол берилбейт

26 Бештин айы 2023 9:46 Бишкек Govori.TV

Жаңы жыл алдында автобекеттердеги айдоочуларга жол кирени өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов онлайн-кеңешмеде билдирди.

Жаңы жыл алдында студенттер, окуучулар, айрым кызматкерлер туулган жерлерине кетерин, мындан улам жүргүнчү көбөйөрүн эске алып, Азамат Исраилов айдоочулардын жол кирени өз алдынча көтөрүп жиберүүсүнө бөгөт коюу, унаа жетишсиздиги байкалган учурда кошумча коомдук унааларды даярдоо тапшырмасын берди.

Аны менен катар жаңы жыл алдында ичкилик ичкен айдоочулардын укук бузууларга барбашы үчүн, ошондой эле ар кандай кырсыктар болуп кетпеши үчүн башкармалыктын кызматкерлерин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө чакырды.

Теги:
Количество просмотров: 75