• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча үн катты

27 Үчтүн айы 202222:51 Бишкек Govori.TV

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы чыр тууралуу үн катты.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун Башкы катчысы Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

«Чек арадагы ок атышуу токтотулушу керек. Аны тынчтык жолу менен гана чечүү зарыл», — деп белгилеген ал.

Ошондой эле ал ЖККУ эки өлкөгө жаңжалды жөнгө салууда зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 477