Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына онлайн режимде катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
«Бүгүн, 10-январда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат», — деп айтылат бидирүүдө.
Сессияда «Казакстан Республикасындагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү» маселе талкууланат.