Бишкектин Октябрь райондук соту 2-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди 2025-жылдын 27-январына чейин камакта калтырды. Анын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү берген.
Октябрь райондук соту саясатчынын бөгөт чарасын 22-ноябрда карап, 4-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирип, кылмыш ишин саясат менен байланыштырды.