• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Онлайн маалымат каражаттарына ММК статусун берүү сунушталды

28 Аяк оона 202217:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алуу сунушталууда. 28-сентябрда мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Анда азыркы мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү, санариптеги, анын ичинде Интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин, жалпыга маалымдоо каражаттары тармагындагы бизнес жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, эл аралык укуктук жагдайларды эске алуу зарылчылыгынан улам жаңы мыйзам кабыл алынышы керектиги белгиленди.

Долбоордун концепциясында жазылгандай, Интернет телекоммуникациялык түйүнүнө жалпыга маалымдоо каражаты деген макам ыйгарылып, азыркы мыйзамдын түшүнүк аппараты радикалдуу түрдө кайра каралып чыгууда, ЖМК ээси деген укуктук институт киргизилип жатат.

ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. 2021-жылдын январь айындагы референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы Конституция иштеп баштаган.

Количество просмотров: 58