Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-июндагы жыйында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында депутат Элдар Абакиров мыйзам долбооруна көз карандысыз журналисттер, юристтер каршы чыгып жатканын айтып, парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетине экинчи окууга кайтаруу демилгесин көтөрдү. Жазуу жүзүндө сунуш болбогондуктан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев документти добуш берүүгө койду.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыккан жумушчу топтун бир катар мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, документке Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде экинчи жана үчүнчү окууда киргизилген өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун билдирген. Кайрылууда 2024-жылы президент журналисттер менен жолуккандан кийин түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунун алтынчы варианты жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө сала турган, адам укуктарын сактоо боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине да жооп берген компромисстүү долбоор болгону белгиленген.