• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Майдан: Журналисттер кандай иштеши керек? ЖМК тууралуу мыйзам талкууда (Түз эфир)

5 Жалган куран 202516:22 Бишкек Govori.TV

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралып баштады. Аны Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети биринчи окууда колдоду.

Жаңы иштелип чыккан документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Эске салсак, 2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган. Андан соң атайын комиссия түзүлүп, иш алып барышкан.

Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Журналисттер кандай иштеши керек? ЖМК тууралуу мыйзам талкууда» деген тамада сөз болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Зарина Калмуратова — Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын башкы адиси;
  • Нурбек Сыдыков — юрист, ЖМК жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
  • Нурдин Дуйшенбеков — Кыргызстандын медиаларынын аракет Платформасынын координациялык кеңешинин мүчөсү;
  • Эсенбай Нурушев — журналист.
Количество просмотров: 7308