• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖМК мыйзамы ЖК комитетинин күн тартибинен экинчи ирет алды

23 Үчтүн айы 2024 12:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 23-январдагы отурумунда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибинен экинчи ирет алды.

Депутат Тазабек Икрамов аталган мыйзам долбоору буга чейин да отурумга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министр келбегени үчүн каралбай, жылдырылганын белгилеп, бүгүн да ушул эле себеп менен кароого мүмкүн эмес экенин айтты.

Анын сунушун депутат Карим Ханджеза колдоого алып, мыйзам долбоорун күн тартибинен алууну сунуштады.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен мыйзам долбоору министр өзү келгенге чейин күн тартибинен алынды.

Кечээ, 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынган.

Бул мыйзам долбоор 15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган. Анда депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоордо талаштуу беренелер көп экендигин айтып, кайра иштеп чыгууну сунуштаган.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 65