• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖМК мыйзамын ЖК комитети жактырды

4 Жалган куран 2024 15:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-мартта ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда өзгөчө пикир менен жактырды.

Жыйынга Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максүтов катышып депутаттардын суроолоруна жооп берди.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору буга чейин да Жогорку Кеңештин башка комитеттеринде каралган. Айрымдарынан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, президенттик аппарат иштеп чыккан мыйзам долбоору январь айынын башында Жогорку Кеңешке келип түшкөн.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 69