• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарылып алынды

13 Жалган куран 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору болду.

«Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул Мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президенттик аппарат иштеп чыккан мыйзам долбоору январь айынын башында Жогорку Кеңешке келип түшкөн.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 68