Бүгүн, 15-ноябрда «Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгу демилгелер» аталышында тегерек стол уюштурулду. Анда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган бир катар депутаттар, президенттик администрациянын укук башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов, президенттик администрациянын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медиа эксперттер жана журналисттер катышты.
Депутат Жанар Акаев «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Маданият министрлигинин чечими менен, эскертүүсүз эле жабылып калышы туура эмес. Кайсы бир материал тууралуу маалымат каражаттын өзүнө дагы түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек»,-деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги менен катар анын жоопкерчилиги да болушу керекгигин эскертти.
«Сөз эркиндиги деп бардык нерсени ачык, терең анализдебей берип койгондон этият болушубуз керек. Негизинен так эмес, анык эмес маалыматтар боюнча мыйзам тууралуу алдыда сөз болот. Мыйзамды кабыл алууга сунушуңуздарды бересиздер, биз аны парламентте дагы талкуулайбыз. Ал мыйзам келечекке иштеш керек. Эч качан мыйзам бүгүнкү күндүн талабына ылайык жазылбашы керек деп дайыма айтам. Ар бир бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес. Тескерисинче, анын терс көрүнүшү болгон», — деди Шакиев.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ЖМК тууралуу мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда экенин, бардык сунуш-пикирлер кабыл алынарын айтты.
«Ушул жерде баарыбыз тегиз отуруп, талкуулап жатканыбыз — Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээлин көрсөтөт. Бирок бул жолугушуу сунуш эмес, популисттик пикирлерди айткан аянтчага айланбашы керек. Мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду, сындарга, сунуштарды кабыл алууга ачыкпыз» , — деди Орунбеков.
Президенттик администрациянын укук башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов журналисттерге эгер муктаждык болсо президенттик аппарат «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн жумушчу топ түзө турганын айтты.
«Жакын арада жумушчу топ түзүлөт, 20га жакын иштей ала турган ЖМК өкүлдөрү кирип, биргеликте мыйзам долбоорун аягына чыгарабыз» , — деди ал.
Иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, «Адилет» укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулду.