Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кесиптештерин мыйзам чыгаруу менен алектенүүгө, айрым маалымат каражаттарына каршы иштебөөгө чакырды.
Ал белгилегендей, айрым кесиптештери көз карандысыз маалымат каражаттарын каралоодо.
«Менин колумда турган Конституцияга ылайык, биздин өлкөдө сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт. Бирок, ага карабастан, айрым кесиптештер Кактус, Kloop жана Азаттык өңдүү ЖМКларды каралоонун үстүндө иштеп жатышат. Кыргызстан сөз эркиндиги, жарандардын эркиндиги менен мактана алат дейбиз. Мындай демилгелерди токтотушубуз керек. Кесиптештер жыйындарда ММК маселесин көп көтөрүштү, бирок мен унчукпадым. Ар ким өз ишин кылышы керек. Келгиле анда, ким жана кайда кеңсесин ачарын ушул жерден чечели. Канчалык төмөн кулайбыз? Көз карандысыз маалымат каражаттарын жапкысы келгендер азыр чет өлкөдө качып жүрүшөт, калгандарынын тагдыры сизге да белгилүү. Бийлик убактылуу. Көз карандысыз маалымат каражаттарын каралагандардын баары кызматтан кеткенден кийин аларга жардам сурап кайрылышат», — деди Жанар Акаев.