• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жо Байден Донбасстагы операциянын башталышына байланыштуу билдирүү жасады

24 Бирдин айы 2022 10:32 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганы тууралуу билдирүү жасады.

Ал мындай кол салуунун кесепетине жалгыз Орусия жооптуу болорун эскертти.

«Бүгүн түнү бүткүл дүйнө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн негизсиз чабуулунан жапа чегип жаткан Украина элине бейпилдик тилейт. Президент Путин өлүмгө жана азапка алып келе турган согушту атайы тандады. Бул кол салуу алып келе турган өлүм жана кыйроо үчүн жалгыз Орусия жооптуу болот. Дүйнө Орусиянын жооп берүүсүн талап кылат», — деди Байден.

Ал кырдаалга көз салып, Улуттук коопсуздук боюнча командасынан маалыматтарды үзгүлтүксүз алып турарын айтты. Ошондой эле G-7 алкагында башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, андан соң Украинага кол салган Орусияга каршы биргелешкен жооп кайтаруу чечимин кабыл алышарын билдирди.

24-февралда таңга жуук Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу кылып, Донбаста атайын аскердик операция жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

Количество просмотров: 78