• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жоголгон калем үчүн №68чи мектептин тарбиялоочусу жумушунан кетти (видео)

18 Чын куран 2018 12:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.04.2018. Govori.TV

Жоголгон калем үчүн №68 мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумушунан кетти. Бул боюнча №68 мектептин директору Омурова Канымжан Govori.TV сайтына билдирди.

«Асанова Минура №68 мектепте тарбия иштери боюнча 6 жылдан бери иштейт. Мындан сырткары ал 14 жыл мугалим болуп иштеген. Мектепте технология деген сабактан сабак бергендиктен учурда жабдууларды өткөрүп анан тарбия иштери боюнча документтерин тапшырат. Бул боюнча приказ бергем. Ушул айдын  26-апрелинде баардыгы өткөрүлүп актыга кол коюлгандан кийин  өз ыктыяры менен жумуштан бошотулсун деген буйрук чыгарам» -дейт мектеп директору.

Белгилей кетсек буга чейин социалдык тармактарга борбордогу №68 мектепте окуган 7-класстын окуучусунун апасы мекептин тарбия завучуна келип анын кызын алар жоголгон калем үчүн 3 саат кармап коркутканы боюнча айтып жаткан видеосу жайгаштырылган.

Количество просмотров: 32