• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жогорку аттестациялык комиссия президенттин карамагына өттү

3 Аяк оона 2021 12:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку аттестациялык комиссиясы Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы болуп өзгөртүлдү. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкта заманбап мамлекеттин технологиялык өнүгүүсүндө илимдин стратегиялык мааниси өлкөнүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык жана маданий көйгөйлөрдү чечүүдө илимий жана инновациялык ишмердүүлүктүн багытталышынын зарылдыгын аныктай турганы белгиленет.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы деп өзгөртүп түзүү токтом кылынат.

Количество просмотров: 126