Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңеш Бактыгүл Жээнбаеваны каржы министрлигине шайлады. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 109 депутаттын 101и колдоду.
Бактыгүл Жээнбаева буга чейин президенттин кеңешчиси болуп турган. Анын талапкерлиги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталган.
Бактыгүл Жээнбаева экономика илимдеринин кандидаты, финансы жаатындагы тажрыйбасы 25 жылдан ашат. Учурунда «Кыргызстан коммерциялык банкынын» директорлор кеңешинин төрайымы, Улуттук банктын жетекчиси кызматтарын аркалаган.
Буга чейин Жээнбаеванын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 10-декабрда жактырган.
Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев 6-декабрда өз каалоосу менен жумуштан кеткен.