• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана баасы 1 млрд. сомдон ашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

23 Бештин айы 202411:29 Бишкек Govori.TV

Мурдагы Нарын темир-бетон заводу, ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га кум карьери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-катчылыгы билдирет.

Мааылыматка ылайык, 2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен “Мунара Курулуш”, акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы “Запин”, участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га жер участогун бекитип бергени аныкталган.

Буга чейин аталган жер тилкеси Нарын темир-бетон заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары “Мунара курулуш” АКсынын ээсине 6,6 га жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен.

Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасына ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 млрд.79 млн сомду түзгөн.

Количество просмотров: 123