• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

31 Бугу 2023 11:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

“Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан”, — деди В.Раимбачаева.

Количество просмотров: 70