Бишкек.10.01.18.Govori.TV
Жогорку Кеӊеш көпчүлүк добуш менен Санжар Муканбетовдунталапкерлигин вице-премьерлик кызматка колдоду.
Муканбетовго жыйында катталган 98 депутаттын баардыгы добушун берди.
Белгилей кетсек, Санжар Муканбетовдун талапкерлиги премьер-министр Сапар Исаков тарабынан жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталган.
Санжар Турдукожоевич Муканбетов 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин, 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун «Жанар» (ЭВМ) заводунда инженер-конструктор катарында баштаган. Кийин Мамлекеттик мүлк фондунда, Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Учурда ал финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп турган.